Бул тууралуу бүгүн Талас шаарында өткөн АРИСтин Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун жыйынтыктоочу конференциясында белгилүү болду.
Долбоордун алкагында облуста мектеп, бала бакча, ФАП өңдүү социалдык объектилер курулган жана реконструкциядан өткөн.
Иш-чарага КРнын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары-акимдер, райондук коммерциялык эмес бирикмелердин, долбоордун түз бенефициарларынын, айылдык аймактардын өкүлдөрү катышты.
Өз сөзүндө Дүйнөлүк банктын Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун максаттуу тобунун жетекчиси Одри Сакс айым Дүйнөлүк банктын башкы кеңсесинен онлайн режимде соз сүйлөп, буларга токтолду:
“Тилекке каршы, бул иш-чарага өзүм катыша алган жокмун. Долбоор коомчулуктардын, анын ичинде аялдардын жана аялуу топтордун өнүгүү жаатындагы артыкчылыктуу багыттарын аныктоо үчүн мүмкүнчүлүктөрүн жана укуктарын кеңейтет”.
Иш-чаранын катышуучулары Дүйнөлүк банкка ыраазычылык билдиришип, аймактагы социалдык-экономикалык инфраструктураны жакшыртуу боюнча ишти улантууну өтүнүштү.
Источник: https://abal.kg/?p=120522