Айылды инвестициялоо долбоорунун алкагында, Чүй облусунун айыл өкмөттөрүндөгү бала бакча, мектеп, спорттук мекемелер жана ФАПтар оңдоп-түзөөдөн өтүп ишке берилди.

Социалдык инфратүзүмдөрдү жакшыртууга багытталган долбоор Кыргызстандагы Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, АРИС аркылуу ишке ашырылууда. Жалпысынан Чүй облусу боюнча 46 долбоор сунушталган. Белгилей кетсек, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу АРИС – өлкөнүн 4 областында ишке ашып, Айылды инвестициялоо долбоорунун алкагында жалпы 171 долбоор сунушталды.